Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:21

Зеленский менен Эрдоган “тынчтык формуласын” талкуулайт


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

8-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулга Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүү үчүн барды. Зеленскийдин Түркияга сапар алганын эки тараптын тең мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.

Украин мамлекет башчысынын кеңсеси тараткан маалыматка ылайык, Зеленский Стамбулда президент Эрдоган менен Украинадагы согушка байланыштуу “тынчтык формуласын”, бул багытта саммит уюштуруу, Кара деңиздеги буудай коридору, азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле Орусиядагы украиналык туткундарды, анын ичинде саясий туткундарды бошотуу маселесин талкуулайт.

«Сапардын жүрүшүндө коргонуу өнөр жайындагы биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулат. Зеленский Украинанын Аскер-деңиз флоту үчүн корветтердин (кайгуул-күзөт кемелери) курулушу жүрүп жаткан жерлерге барат жана түркиялык коргонуу компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушат», — деп айтылат билдирүүдө.

"Украина менен Орусиянын ортосундагы согушту жана буудай келишимин улантууга байланышкан маселелер жолугушуунун негизги темасы болот", - деп айтылат түрк президентинин кеңсеси X тармагына жарыялаган билдирүүдө.

Зеленский Түркияга акыркы жолу 2023-жылдын июль айында барып, Москва менен жакын мамилеси бар Эрдоган менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Cumhuriyet басылмасы Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылдын февраль айында Түркияга барууну пландаганын, бирок тараптар Түркиядагы жергиликтүү шайлоолор жана Орусиядагы президенттик шайлоодон улам бул сапар жылдырылганын жарыялашканын жазган.

Былтыр украин президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу боюнча "тынчтык формуласын" сунуш кылган. Он пункттан турган бул документте орус күчтөрү украин аймагынан чыгышы кетиши керек экени, Украинанын аймактык бүтүндүгү калыбына келтирилиши зарыл экени жазылган.

Кремль буга чейин мындай шарттардан баш тарткан. (AiA)

XS
SM
MD
LG