Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:05

Алматы соту алты активистти абакка кести


“Бийликти басып алууга чакырык” беренеси боюнча айыпталгандардын соту. Казакстан. 7-февраль, 2024-жыл.
“Бийликти басып алууга чакырык” беренеси боюнча айыпталгандардын соту. Казакстан. 7-февраль, 2024-жыл.

7-мартта Алматынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык соту “бийликти басып алууга чакырык жасаган" деп айыпталган жети активистке өкүмүн чыгарды.

"Азаттыктын" казак кызматы маалымдагандай, үч киши алты жылга, дагы үч адам беш жылга түрмөгө кесилди. Бир активист үч жыл төрт айга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Өкүм жарыялангандан кийин соттолуучулардын бири Акылжан Кийсимбаев: «Рахмат, төрага! «Жаңы Казакстан», алга! Мыкты чечим болду", - деп билдирди.

Журналисттер тергөөнүн материалдарында шектүүлөр «Акорданы трактор менен басып алгысы келген» деп айыпталгандыктан, бул иш эл арасында «трактор-танк революциясы» деп аталып калганын жазышты.

2022-жылдагы президенттик шайлоонун алдында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети "шайлоо күнү бийликти басып алууга аракет кылган" деген шек менен 7 кишини камакка алганын жарыялаган. Бийлик кармалгандарды "мамлекеттик төңкөрүшкө, массалык башаламандыкка даярданган, күч колдонуу, ок атуучу куралдар жана жардыргыч заттарды колдонуу менен Алматы шаарын жана Акорда имаратын басып алууга аракет кылган, өрт койгон жана бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөткөн" деп айыптаган.

Укук коргоочулар менен серепчилер бийлик коюлган айыптар боюнча эч кандай далил келтирбегенин айтып келишет.

Казакстанда 2022-жылдын башында суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер ири акцияларга жана тополоңго чейин өсүп жетип, бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар жана кан төгүү менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Төрт жашар Айкөркөм - алардын эң кенжеси. Укук коргоочулар курмандыктардын саны мындан көп деп эсептешет. (AiA)

XS
SM
MD
LG