Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:05

Грекиянын премьер-министри Одессага болгон чабуулдан кийин Кремлге кайрылды


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис. Одесса, 6-март, 2024-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис. Одесса, 6-март, 2024-жыл.

Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис Орусиянын Одессага жасаган аба соккусуна күбө болгондон кийин Кремлге кайрылганын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

"Менимче, баарыбыздын Кремлге бир билдирүүбүз бар: биз коркпойбуз, биз Украинаны жана анын жарандарын канча убакыт талап кылса, колдоону улантабыз жана бул маселеде бекем кала беребиз", - деди Мицотакис Европанын элдик партиясынын Бухаресттеги конференциясында.

Грекиянын премьер-министри "Орусия тарабынан эч кандай эл аралык укук бузуулар же анын чек араларды күч менен өзгөртүү аракети Европа тарабынан кабыл алынбайт" деп баса белгиледи.

6-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис жолуккан жерден 500 метр аралыкта Орусиянын ракетасы жарылганын CNN телеканалына кырдаалдан кабардар булак билдирген.

Грекиянын Protothema басылмасы 6-мартта өз булактарына таянып, Орусиянын аткылоосу учурунда президент Зеленскийдин кортежи жана грек делегациясы Одессада болгонун кабарлаган.

Кийинчерээк Зеленский "Биз бүгүн бул соккуну көрдүк. Көрдүңөрбү, биз ким менен күрөшүп жатканыбызды, алар үчүн чабуулдун багыты маанисиз", - деди ал Одессада.

Украинанын түштүгүндөгү Коргоо күчтөрүнүн маалыматында, 8-мартка караган түнү Одесса облусунда инфрастүзүмдөр жабыркап, имараттар талкаланган.

2-мартта Одессага дрон чабуулу жасалып, ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет.(AiA)

XS
SM
MD
LG