Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:37

Бишкекте "Аялдын турмушу - замандын күзгүсү" аталышында жөө жүрүш өтүүдө


Бишкекте өтүп жаткан жөө жүрүш. 8-март, 2024.
Бишкекте өтүп жаткан жөө жүрүш. 8-март, 2024.

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында “Аялдын турмушу – замандын күзгүсү” деген ураан астында жөө жүрүш өтүп жатат. Анда ондогон активисттер Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулуп, Горький атындагы гүл бакты көздөй жүрүш жасап жатышат.

Алар аялдарга карата зомбулукту токтотуу, алардын эркиндигин камсыздоо, сөз эркиндигин коргоо сыяктуу талаптарды айтып жатышат. Милиция кызматкерлери акциянын коопсуздугун камсыз кылып, жүрүштүн катышуучуларын коштоп жүрүшөт.

8-мартта жылда Бишкекте аялдардын көйгөйүнө көңүл бурууга чакырган жүрүштөр өтүп келе жатат. Былтыр “Эркиндик. Теңдик. Эже-сиңдилик” деген ураандын астында өткөн жүрүштө аялдардын эркиндигин, билим алып, өзү каалагандай татыктуу жашоосун, аларды зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылуу талабы айтылган.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталып, Борбор Азия өлкөлөрүнөн эң артта жайгашты. Былтыр октябрда жарыяланган индексте аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жашоосуна катышы, укуктук дискриминация, билим берүү, саламаттык сактоо, жумуш менен камсыздоо жана зомбулук тобокелдиктери сыяктуу критерийлер эске алынган.

Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук фактылары утур-утур катталып келет. Алсак, былтыр сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилеп салган окуя коомчулукту нес кылган.

Былтыр Ички иштер министрлигине түшкөн үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 10 миңдей маалымат ырасталып, коргоо ордери берилген. Милициянын маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук фактысында 95% жабырлануучулар аялдар болгон.

XS
SM
MD
LG