Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:13

Валерий Залужный Украинанын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды


Валерий Залужный
Валерий Залужный

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Валерий Залужный өлкөнүн Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги кабарлап, Лондонго макулдук алуу өтүнүчү жиберилгенин билдирди.

Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Залужный өзүнүн кийинки карьерасын дипломатиялык багытта көрөрүн айтканын билдирип, анын талапкерлигин жактырганын Телеграм каналына жазган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Валерий Залужныйды 8-февралда кызматтан алып, анын ордуна генерал-полковник Александр Сырскийди дайындаган. Муну президент согуштун стратегиясын кайра карап чыгуу зарылчылыгы менен түшүндүрдү. Зеленский анын эртеси, 9-февралда Залужныйга Украинанын Баатыры наамын ыйгарган.

Украиналык жана дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары 2023-жылдын аягынан тартып Владимир Зеленский менен командачысы Валерий Залужныйдын ортосунда келишпестик жаралганын жазып келатышкан. Мунун себеби Украинанын армиясынын контрчабуулдары күтүлгөн жыйынтыкты бербей жатканы менен байланыштырылып жаткан.

Валерий Залужный Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы кызматына 2021-жылдын июлунда дайындалган. Эл аралык басылмалар Орусия 2022-жылдын февралында масштабдуу кол салуусунун баштапкы этаптарында душмандардын мизин кайтарган эмгегин жазып жүрүшөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG