Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

Бишкекте жашыл аянтка автоунаа токтоткондорго 5500 сом айып пул салынат


Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери туура эмес жерге токтогон автоунааларга рейд жасап жүрөт.
Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери туура эмес жерге токтогон автоунааларга рейд жасап жүрөт.

Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы калаадагы жашыл аянттарга автоунаа токтоткону үчүн эки жаранга 5500 сомдон айып пул салды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Рейддик иш-чара Бишкек шаарынын Октябрь районунда Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.

Эреже бузуулардын көбү Айтиев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн жанында катталды. Айдоочулар унааларын бактын арасына, ошондой эле жашыл аянтты ээлеген жерлерге токтотушкан.

Муниципалдык инспекция шаардыктарды машинелерин жашыл аймактарга калтырбоону өтүнөт. Мекеме транспортун туура эмес жерлерге токтоткон жеке адамдарга 5500 сом, ал эми юридикалык жактарга 17 000 сом айып пул салынаарын эскертет.

Мурдараак Бишкек шаарынын мэриясы уруксат берилбеген жерлерге транспорт каражаттарын токтоткондорду аныктоо үчүн Ички иштер министрлиги менен “Ураган” аппараттык-программалык комплексин колдонуу менен атайын системаны ишке киргизгенин маалымдаган.

Маалыматта айтылгандай, жол коопсуздугун караган тескөөчүлөрдүн автоунааларына видеокаттоо сыяктуу атайын жабдуу орнотулат. Кайгуулчулар аны менен көчөдө баратып жол четинде токтогон автоунааларды фото-видеого тартып, туура эмес жерлерге тургандарды автоматтык түрдө аныктап кете берет. Соңунда эреже бузгандарга тиешелүү айыппул салынып, “Коопсуз шаар” долбоорунун линиясы аркылуу айдоочулардын даректерине жеткирилет. (ErN)

XS
SM
MD
LG