Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

Кыргызстанда аялдардын лидерлигин колдоо боюнча программа кабыл алынды


Кыргызстанда спорттук турнирлерге катышып жаткан аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда спорттук турнирлерге катышып жаткан аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Программа аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатууга багытталган.

Бул программанын максаты мамлекеттик саясаттын гендердик теңчилик жаатындагы артыкчылыктарын белгилөө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик программада комплекстүү иш-чаралар каралган, анын ичинде, аялдардын коомдогу ролу жана маанилүү чечимдерди кабыл алууда активдүү катышуусу тууралуу коомдук пикирди колдоо жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында маалыматтык кампанияларды өткөрүү да бар. Бул кампаниялардын негизги аспектилеринин бири аялдарды кадрлар резервине киргизүүгө түрткү берүү болот.

Мындан сырткары анда жетекчилик кызматтарга умтулган аялдар үчүн окутуу жана кесиптик өнүгүүнү камсыз кылуу чарасы камтылган. Жетекчи кызматтарга аял талапкерлерди даярдоо системасын иштеп чыгуу жана дайындалгандан кийин алардын квалификациясын жогорулатуу да ушул эле программада каралган.

2024-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7,2 миллион адамды түзгөн. Мунун ичинде 50%дан ашыгын аялдар түзөт.

Өлкөдө аялдардын жашоо узактыгы 2022-жылкы эсеп боюнча 76 жашты, ал эми эркектерде 68 жашты түзгөн. Ошол эле жылкы эсеп боюнча республикада эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээли 48% болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG