Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:28

БУУда Отунбаева ооган аялдарынын укуктары кескин чектелгени тууралуу маселени көтөрдү


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева Ооганстандагы бийликти аялдарды чектеген эрежелерин токтотууга чакырды. 6-мартта БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып Отунбаева аялдардын кийимине коюлуп жаткан катаал талаптар аларга карата чоң басмырлоо экенин, көпчүлүк кыз-келиндер көчөгө чыга албай жатканын белгиледи.

Аялды шариятка ылайык кийинген эмес деген жүйөнүн негизинде кармоо адам укугун бузуу деп эсептелинерин, чектөөлөр канчалык узарса, ошончолук залакасы көп болорун айткан Отунбаева калктын жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктары сакталбай, аялдарга карата репрессиялык мамиле жасалып, алар зомбулукка кабылган окуялар катталып жатканын, өлкөдө инклюзивдүү башкаруу жоктугун айтты.

Ооганстандын бийлик жүргүзгөн «Талибан» кыймылы 2022-жылдын апрель айында аялдарды хижаб кийип жүрүүгө милдеттендирген жарлык чыгарган. Быйыл январь айынан тартып өкмөт ошол жарлыктын негизинде көчөдөн кыз-келиндерди кармап кетип жатканы кабарланган.

2021-жылдын 15-августунда "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Талибдер «инклюзивдик өкмөт» түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG