Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Энергетика министрлиги эки ГЭСтеги оңдоо иштери тууралуу маалымат берди


ГЭСтердеги реконструкция жумуштары. 7-март, 2024-жыл.
ГЭСтердеги реконструкция жумуштары. 7-март, 2024-жыл.

Энергетика министрлиги Токтогул ГЭСиндеги жана Үч-Коргон ГЭСиндеги үч күн мурда башталган оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Мекеме 7-марттагы билдирүүсүндө андагы жумуштардын сүрөтүн да жарыялады.

“Электр станциялары” ишканасына караштуу Токтогул гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) №1 гидроагрегаты 5-марттан тартып реконструкцияга берилип, токтотулган. Ошол эле күнү Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатында да оңдоо иштери башталган. Энергетика министрлиги 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезигилине чейин үлгүрүү үчүн реконструкция мындан кечеңдетилбеши керектигин белгилеген. Оңдоодон өткөн соң аны кайрадан ишке киргизүү көп убакытты талап кылат.

Министрлик жаңы маалыматында, Токтогул ГЭСинин агрегатынын турбиналары аянтчага чыгарылып, тиешелүү жерлерин ширетүү, жыйноо, чогултуу, тазалоо, оңдоо жумуштары жүрүп жатканын билдирди. Мекеме Үч-Коргон ГЭСинин агрегатына генератор орнотуучу аянтча даярдалып, айрым жабдуулары жана системалары орнотула баштаганын тактады.

Мунун алдында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому билдирүү таратып, Токтогул ГЭСинин жана Үч-Коргон ГЭСин гидроагрегаттарындагы реконструкциялоонун башталышына байланыштуу 5-марттан тартып өлкөдө электр станцияларынын кубаттуулугу 290 МВтка азайып жатканын маалымдаган. Мекеме ошол себептүү керектөө эң көп жогорулаган сааттарда, таңга маал 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечке маал 18:00дөн 21:00гө чейин кыска мөөнөттүү чектөөлөр киргизилгенин билдирген. Бул деген жарык маал-маалы менен өчүп турат дегенди түшүндүрөт.

Токтогул ГЭСинде төрт агрегат бар. №4 агрегат 2022-жылы жана №2 агрегат 2023-жылы оңдоодон өткөн. №3 агрегат 2025-жылы реконструкцияланышы керек.

Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1200 мВт деп эсептелген. Соңку жаңылоолордон кийин станциянын күчү 1320 мВт чекке жетти. Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса анын кубаттуулугу 1440 мегаваттка көбөйөт деп пландалган.

Үч-Коргон ГЭСинде да ар бири 45 МВт кубаттуулуктагы 4 агрегат бар. Анын жалпы кубаттуулугу 180 МВтка жетет.

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанция жана эки ири жылуулук электр борбору бар. Алардын жалпы кубаттуулугу 3892 мегаватт, же 3 ГВт 892 МВт деп бааланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG