Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Кыргыз-тажик чек арасындагы май ташыган унаалар тууралуу маалымат берилди


Кыргыз-тажик чек ара аймагындагы жол. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек ара аймагындагы жол. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында күйүүчү май ташыган машинелер кирип-чыгып жүргөнү тууралуу соцтармактарга чыгып жаткан маалыматтарга түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз кызматы 7-мартта тараткан маалыматта күйүүчү май ташыган автоунаалар чек арадан өтпөгөнү жазылган. Күйүүчү май Кыргызстан аркылуу транзит менен Тажикстанга үчүнчү өлкөлөрдөн кирери, май ташыган унаалардын арасында Кыргызстанда катталгандары да бар экени, айдоочулар жалданып иштей турганы кошумчаланган.

"Тасмадагы күйүүчү-майлоочу заттар Тажикстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып, Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен чек арасын бойлоп өткөн жана тараптардын биргеликте пайдаланган Кожент-Канибадам жолу менен баратканы көрүнүүдө", - деп билдирди Чек ара кызматы.

Социалдык тармактарда күйүүчү май ташыган автоунаалар кыргыз-тажик чек арасына кирип- чыгып жүргөнү тартылган тасмалар тарап, буга бийликти айыптаган комментарийлер менен коштолгон.

2021-жылы апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу толук жапкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG