Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Украина быйыл да контрчабуул аракетин көрөрү кабарланды


Александр Павлюк.
Александр Павлюк.

Украина быйыл да контрчабуул аракетин көрөрүн өлкөнүн жердеги аскерлеринин командачысы Александр Павлюк билдирди. 6-марттагы кайрылуусунда ал азыр аскерлер фронттун алдыңкы тилкесиндеги позицияларын турукташтыруу жана кайра топтошуу аракетинде экенин айтты.

"Биздин максат — фронт тилкесин турукташтыруу, толуктоого муктаж бөлүктөрдү кайра топтоштуруу жана аларды полигондордо калыбына келтирүү үчүн бардык аракетти көрүү аркылуу сокку уруучу топ түзүү жана быйыл контрчабуул жүргүзүү", — деди ал.

Павлюк согуш талаасында абал оор, бирок көзөмөлдө экенин белгилеп, Орусия Украинанын болушунча көбүрөөк аймагын басып алууга, муну 17-марттагы президенттик шайлоого чейин жасоого аракет кылып жатканын кошумчалады.

Украина Орусиянын 2022-жылдын 24-февралында баштаган толук масштабдуу согушуна каршы күрөшүн улантууда. Курал-жарак жана каржылык жардамын АКШнын жана Европадагы өнөктөштөрү берүүдө. Бирок соңку жарым жылдан бери жардам дээрлик токтогонун, согушта прогресс жок экенин байкоочулар айтууда. 2023-жылдын жаз-жай айларындагы контрчабуул аракетинен майнап чыккан эмес.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG