Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Караколдо беш дарыгер айлыктын аздыгынан иштен кеткени белгилүү болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканасында 4-мартта беш дарыгер айлык акы аз деген негизде иштен кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук бириккен ооруканасынын директору Чыңгыз Урманбетов билдирди.

Кызматын тапшыргандардын бири бөлүм башчы, төртөө реаниматолог. Алар бири 29 жылдан бери иштесе, дагы бири 8 ай иштеген.

"Кызматкерлерибиз өз каалоолору менен жумуштан кетти. Булардын кетишинин себеби - айлык акынын аздыгы. Булардын арызы мага 2-февралда эле келип түшкөн. Арызда иштин түйшүгү көп, эмгек акы аз деп жазышкан. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сүйлөштүк. Бирок алар мыйзамда каралбаган сунуштарды айтышты, мен жетекчи катары ал сунуштарын аткара албагандыктан, 4-мартта кайра чогулуш кылып, дагы сүйлөштүк. Алар макул болушкан жок, арыздарына кол коюп бердим".

Урмамбетов учурда ооруканада дарыгерлер жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.

Аталган бейтапкана 557 орундуу. Азыр 101 медицина кызматкери иштейт. Негизи 191 дарыгер иштеши керек. Орточо айлык акы 20 миңдин тегерегинде.(AsK)

XS
SM
MD
LG