Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Тажикстанда ИИМ кызматкери 19 жылга кесилди


Акмал Юсуфзода (солдо) жана Исмоил Рахмонов.
Акмал Юсуфзода (солдо) жана Исмоил Рахмонов.

Тажикстанда Ички иштер министрлигинде (ИИМ) иштеген жетекчи кызматкер 19 жылга эркинен ажыратылганын 5-мартта «Азаттыктын» тажик кызматы өлкөнүн Жогорку Сотунун маалыматына таянып билдирди.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын Анализ, пландоо жана эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Акмал Юсуфзода адам уурдоого жана өлтүрүүгө шек саналып 2023-жылдын июнь айында кармалган.

Судья аны Коммерциялык институттун окутуучусу Исмоил Рахмоновдун өлүмүнө айыптуу деп тапты жана тууганы Исмоилжон Шукуровду 12 жылга эркинен ажыратты. Өкүм 28-февралда чыкканы маалымдалды.

Бул окуя коомчулукта, социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, кылмышка Акмал Юсуфзоданын кызганычы себеп болгон, анткени Фейсбуктун мессенжеринен Коммерциялык институтта англис тилинен сабак берип иштеген аялынын Исмоил Рахмонов менен жазышканын көргөн. Рахмонов Юсуфзоданын жубайынын кесиптеши болгон.

Маркумдун туугандары экөөнүн ортосунда эч кандай байланыш болбогонун айтышкан.

Окуя 2023-жылдын 12-июнунда Айни районунда болгон. Юсуфзода окутуучунун колун байлап, Фондарья суусуна таштап жиберген.

XS
SM
MD
LG