Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:35

Израил БУУдагы туруктуу өкүлүн "чукул кеңешүүгө" чакыртып алды


Гилад Эрдан.
Гилад Эрдан.

Израил Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Гилад Эрданды «чукул кеңешүү үчүн» чакыртып алганын 4-мартта бул өлкөнүн тышкы иштер министри Исраэл Кац билдирди. Министр БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришти ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) Израилге кол салган күнү жасаган көптөгөн сексуалдык кылмыштары тууралуу берилген баяндаманы көз жаздымда калтырууга аракет кылып жатат деп айыптады.

"БУУнун соңку баяндамасында ХАМАСтын жырткычтыгы, адамдарды жапырт өлтүргөнү, зордуктаганы жана башка сексуалдык кылмыштары кенен сүрөттөлүп берилди. Бирок төрага унчукпайт. Чара көрүү убактысы келди, Антониу Гутерриш. ХАМАС бүткүл дүйнө жүзүндө террордук деп, ал эми аны колдогон өлкөлөрдүн баары терроризмдин демөөрчүсү деп таанылышы керек", - деп жазды ал Х социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter).

Эрдан «ХАМАС үрөй учурган сексуалдык кылмыштарды жасаганын тааныш үчүн БУУга беш ай талап кылынды. Эми ошол тууралуу баяндама даяр болгондо БУУ бир да талкуу уюштурбай, унчукпай жатканы уят иш», - деп белгиледи.

БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Израилдин айыптоосун четке кагып, Гутерриш, тескерисинче, бул баяндаманын даярдалышын "толук колдогонун" айтты жана бул документ акыры ачык жарыяланганын белгиледи.

Баяндама 4-мартта жарыяланган. Анда ХАМАСтын колуна түшкөн кишилер сексуалдык зомбулукка, зордуктоого, сексуалдык кыйноого кабылганы жана азыр барымтада турган адамдар да ошондой эле мамилеге кабылып жаткан болушу ыктымалдыгы айтылган.

Израил Газа секторундагы аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңден ашуун палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө.

Газадагы атышууну Рамазан айында токтото туруу жөнүндө сүйлөшүүлөр АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен уюштурулууда, бирок азырынча майнап чыга элек.

Израил Каирде уюштурулуп жаткан сүйлөшүүлөргө өз делегациясын жөнөтө элек. Алар ХАМАС барымтада кармап турган израилдиктиердин так тизмеси колго тиймейинче сүйлөшүүгө барбай турганын билдиришкен. 5-мартта да андай тизме бериле электиги маалым болду.

ХАМАСтын өкүлү Бассем Наим андай талап сүйлөшүү жараянындагы «бир да документте же сунушта жок экенин» AFP агенттигине айтты.

Израиль 7-октябрда ХАМАС барымтага 250 кишини алып кеткенин, бошотулгандан кийин калганы 130 болушу керектигин, бирок алардын 31и өлтүрүлгөн деген маалымат бар экенин, тизмени ошондуктан талап кылып жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG