Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Польша Орусиянын жана Беларустун айыл чарба импортун чектөөгө чакырды


Дональд Туск.
Дональд Туск.

Польша Европа Биримдиги Орусиянын жана Беларустун дан азыктарын биримдиктин аймагына киргизбөө тууралуу биргелешкен чечим кабыл алышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн 4-мартта Литвага иш сапар менен барган Польшанын премьер-министри Дональд Туск борбор калаа Вильнюста өткөн пресс-конференцияда билдирди.

"Ар бир өлкө өз-өзүнчө чечим кабыл алгыча биргелешкен европалык чечим кабыл алынганы алда канча натыйжалуу болот деп ишенем. Биз биригип, Орусиянын жана Беларустун айыл чарба продукциясына карата санкция тууралуу чечимди биргелешип кабыл алсак жакшы болот эле деп эсептейм", - деген Туск Польша парламенти келерки дүйшөмбүдө тийиштүү мыйзам долбоорун демилгелей турганын кошумчалады.

Мындай чектөө, анын айтымында, Польшанын гана эмес, жалпы Европанын айыл чарба базарынын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө болот.

Туск Европа комиссиясынан «Жашыл багыт» планынын айрым жоболорун кайра карап чыгууну өтүнөрүн, бирок жаратылышты коргоо мекемелери менен фермерлер да каршылашууга өтпөшү керектигин айтты.

Польшанын борбору Варшава шаарында 27-февралда фермерлердин нааразылык акциясы уюштурулган, миңдеген киши өлкөнүн мамлекеттик туусун көтөрүп, көчөлөрдү кыдырып өткөн.

Польшага Украинадан айыл чарба продукциясын ташып кирүүгө жана Европа Биримдигинин экологиялык планына каршы акциялар бул өлкөдө бир нече ай мурда башталган. Украина менен чек ара бекеттери жана жолдор бөгөттөлүп, белгисиз бирөөлөр украиналык оор жүк ташуучу машиналарга жана темир жол вагондоруна жүктөлгөн данды сыртка чачып кетишкен.

Фермерлер өндүргөн продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн Украинадан импорттолгон арзан азыктар бузуп, баасын төмөндөтүп, Евробиримдиктин айыл чарба тармагында экологиялык таза технологияларды колдонууга жана атмосферанын булганышына каршы 2050-жылга чейинки «Жашыл багыт» планы да көйгөй жаратып, аларды чектеп жатканын айтууда.

Ушундай эле нааразылыгын айткан дыйкандардын акциялары Бельгияда, Германияда, Францияда, Румынияда да өткөн.

26-февралда Бельгиянын борбору Брюссель шаарына миңдеген фермер тракторун айдап барып, өндүргөн продукциясынын баасы кеткен чыгымынан жогору болушун камсыздап берүүнү талап кылган акциясын өткөргөндө полиция менен кагылышуу болгон.

Бул күнү Брюсселде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн айыл чарба министрлеринин жыйыны өткөн. Алар фермерлерге «жашыл план» боюнча түшкөн административдик жүктү азайтуу жолдорун талкуулап келатышат.

Украиналык оор жүк ташуучуларга Орусия алардын өлкөсүнө кол салгандан кийин колдоо көрсөтүү максатында Европа өлкөлөрү айрым жеңилдиктерди беришкен.

2022-жылдын февралында Орусия кол салгандан бери Украинанын өндүргөн продукциясын, айрыкча дан азыктарын мурдагыдай Кара деңиз аркылуу экспорттоо мүмкүнчүлүгү кыйла чектелген. (RK)

XS
SM
MD
LG