Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

Зеленский Орусия Украина менен чектелбей турганын айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы күрөшкө жардам сурап, «дүйнө Орусиянын жаалына каршы чыгып, жообун бериши керектигин» белгиледи жана Орусия Украина менен гана чектелбей турганын айтты.

3-марттагы кечки кайрылуусунда ал Одессадагы соңку чабуулда каза болгондордун төртөө балдар, алардын экөө жаңы төрөлгөн ымыркайлар экенин айтып, Украинага курал-жарактан жардам маселеси чечилбей жаткандыктан күн сайын адам өмүрү кыйылып келатканын кошумчалады:

«Дүйнөдө Украинаны Шахед дрондорунан жана ракеталардан коргоого жөндөмдүү системалар жетиштүү. Тилекке каршы, курал-жарактын жана ракетадан коргонуу системаларынын кармалып жатышы мына ушундай жоготууларга алып келүүдө», - деди Зеленский.

2-мартта Украинанын Одесса шаары Орусиянын дрон чабуулуна кабылган, ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

Москва кол салуусун «атайын аскердик операция» деп атап, Украинанын жарандарын өлтүрүп, жарандык инфраструктурасын талкалап жатканын далилдерге карабастан моюнуна албай келет. (RK)

XS
SM
MD
LG