Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

Орусия Украинанын Казакстандагы мурдагы элчисине издөө жарыялады


Пётр Врублевский (солдо) Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде. Архивдик сүрөт.
Пётр Врублевский (солдо) Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде. Архивдик сүрөт.

Орусияда Украинанын Казакстандагы мурдагы элчиси Петр Врублевскийге издөө жарыяланып, сыртынан камакка алуу тууралуу чечим чыкты. Бул тууралуу бүгүн 4-мартта ТАСС агенттиги билдирди.

Москванын Басман райондук сотунун чечиминде ага «жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу» деген айып тагылганы, федералдык жана эл аралык издөө жарыяланганы, кармалса эки айга камакка алынары маалымдалды.

Өткөн айда Росфинмониторинг мекемеси Врублевскийди террористтер жана экстремисттер тизмесине киргизген.

Пётр Врублевский Украинанын Казакстандагы элчиси болуп 2020-жылдын декабрынан тартып 2022-октябрына чейин иштеген. Ага чейин Украинанын Беларустагы элчилигинде кеңешчи болуп иштеген.

2022-жылдын август айында кремлчил жалпыга маалымдоо каражаттары элчинин интервьюсунан үзүндүнү жайылтышкан. Анда элчи Орусиянын Украинага кол салуусу тууралуу айтып жатып «Аларды болушунча көбүрөөк өлтүргөнгө аракет кылып жатабыз. Орустарды азыр биз канчалык көп өлтүрсөк, биздин балдарыбыз аларды ошончолук азыраак өлтүрүүгө мажбур болушат», - деп айткан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин реакциясынан кийин расмий Астана элчиге протест билдирген, кийинчерээк Пётр Врублевский «айткан сөзү үчүн кечирим сураганын» кабарлаган.

Ошол жылдын октябрь айында украин президенти Владимир Зеленский дипломатты элчилик кызматтан бошоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG