Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Алматыда жер титирөөдөн улам мектептерде сабак токтотулду


Алматы. 2024-жылдын 4-марты. Жер титирөөдөн кийин көчөгө чыккандар.
Алматы. 2024-жылдын 4-марты. Жер титирөөдөн кийин көчөгө чыккандар.

Казакстандын Алматы шаарында 4-мартта саат 11:22де күчү 5 баллдык, саат 12:54тө эки баллдык жер титирөө болгонун «Азаттыктын» казак ызматы билдирди.

Казак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, силкинүүнүн очогу Кытайдын аймагында, Алматыдан 255 чакырым аралыкта болду.

Жер титирөөгө байланыштуу Алматыда бардык мектептерде жана коллеждерде сабактар убактылуу токтотулду.

Метрополитендин да иши убактылуу токтоп, унаа жолдордо тыгын көбөйдү.

Алматы акимчилиги 384 жерде жарандарды кабыл алуу пункту ачылганын, бардык медицина мекемелери кадимки шартта иштеп жатышканын билдирди.

23-январда да Алматыда магнитудасы 6,7 жер титирөө болгон. Ондогон киши ооруканага кайрылган.

Шаар тургундары жарандык коргонуу системасы бул күнү дээрлик иштебегенин, эскертүү болбогонун айтып даттанышкан. Натыйжада өзгөчө кырдаалдар департаментинин 14 кызматкери жазага тартылган.

Бүгүнкү жер титирөө Кыргызстандын аймагында да сезилди. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, саат 12:22де күчү очогунда 6 магнитуда болгон термелүү катталды.

Жердин титиреши Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Ананьево айылдарында 4,5 балл, Балыкчыда 4 балл, Бишкекте жана Караколдо, Тоң районунун Кажы-Сай айылында, Жети-Өгүздө “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 3,5 баллга чейин сезилди.

Саат 13:54тө жердин термелүү күчү Кыргызстандын аймагында 5 магнитудасына жетти. Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 3,5 балл, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 3 баллга чейин сезилди.

Баштапкы маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG