Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:42

Оңдоо ишинен улам Бишкек ЖЭБинин иши быйыл 40 күнгө чейин токтойт


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.

Оңдоо иштерине байланыштуу быйыл Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) иши жылдагы пландык өчүрүүлөрдөн айырмаланып 30-40 күнгө толук токтотулат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев 4-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

ЖЭБдеги оңдоо иштериненен улам жыл сайын май же июнь айларында ысык суу берүү 20-30 күнгө токтотулуп турчу. Быйылкы график кийинчерээк такталат.

Талайбек Байгазиевдин билдиришинче, Бишкек ЖЭБи ушул тапта 310-320 МВт кубаттуулукта иштеп жатат.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында борбордо жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

Кырсыкты изилдөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.

Соңку аварияга чейин борбордо 400 МВт электр энергиясы өндүрүлүп келсе, авариядан соң кубаттуулук 200 МВтка түшүп калган. Калыбына келтирүү иштеринен соң ал кайрадан 300 МВтка чейин жогорулаган.

2017-жылкы модернизациядан кийин Бишкек жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 812 МВтка жеткени маалымдалган. Бир жыл өтпөй, 2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, калаа бир апта бою жылуулуксуз калган. Борбор ошондон бери мерчемделген кубаттуулукка чыга элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG