Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Өкмөттүн жана парламенттин сайтындагы маалыматты жасалма интеллект окуп бере баштады


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештин сайттарына жарыяланган маалыматтарды жасалма интеллект аудио форматта окуп бере баштады. Министрлер кабинети мындай шарт былтыр сатып алынган жасалма интеллекти окутууга ыңгайлашкан суперкомпьютердин жардамы менен ишке ашканын билдирди.

“Бүгүн мамлекеттик радиодо санариптик диктор жаңылыктарды кыргыз тилинде окуп жатат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда Министрлер Кабинетинин сайтында кыргыз тилиндеги тексттик билдирүүлөрдү аудио форматка которуу мүмкүнчүлүктөрү иштелип чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында 28-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Digital Kyrgyzstan эл аралык ПЛАС-форумунда жасалма интеллект тууралуу сөз кылып, кыргыз Chat GPT платформасын түзүү ниетин билдирген.

Кыргыз өкмөтү мамлекетти тилди өнүктүрүү программасынын алкагында былтыр NVIDIA үлгүсүндөгү суперкомпьютер сатып алган. Расмий кабарда айтылгандай, анын эсептөө кубаттуулугу 1 петафлопс жана секундасына 1 квадриллион операцияны аткарууга жетет.

XS
SM
MD
LG