Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:31

Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу, чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол коюлду


Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына 4-мартта жарыяланып, канча адамга жарандык берилгени же канча адам жарандыктан чыкканы ачыкталган жок.

Маалыматта Кыргызстандын атуулдугун алгандардын басымдуу бөлүгүн түпкү теги кыргыздар түзөрү кабарланган.

Президент кол койгон жарлыктардын биринде "Беларус, Казакстан жана Орусия менен жарандык алууну жөнөкөйлөтүлгөн тартиби тууралуу макулдашууну ратификациялоо" тууралуу мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө адамдардын өтүнүчтөрү канааттандырылсын" деп жазылган.

Президенттин кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыгындагы маалыматтар 2023-жылдын августунан бери жабык боло баштады. Ага чейин Кыргызстандын жарандыгын алгандардын да, чыккандардын да тизмеси жазылган президенттин жарлыгы ачык жарыяланчу.

Былтыр августта орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуховицкийдин кыргыз паспортун "оюн үчүн" гана алып койгону катуу талкууланган. Быйыл ондогон орусиялыктар кыргыз жарандыгын алган учурлары ачыкка чыккан.

25-мартта The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатканын жазган.

“Азаттык” 2022-жылдын 31-декабрында чыккан №417 жарлыктан Орусияда таанымал ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG