АКШга мыйзамсыз жол менен барган 74 өзбекстандык 3-мартта мекенине кайтарылды. Бул тууралуу UzReport басылмасына таянып “Азаттыктын” өзбек кызматы билдирди.
Алардын көбү Кошмо Штаттарга Мексика аркылуу барганы, айрымдары башка өлкөлөр аркылуу киргени кабарланды.
21-декабрда АКШ өкмөтү Өзбекстандын бул өлкөгө мыйзамсыз кирген 119 жаранын мекенине жөнөткөнүн маалымдаган.
АКШ 2021-2023-жылдары Мексика аркылуу кирүүгө аракет кылган он миңдеген иммигрант аныкталганын билдирген. Кармалгандардын арасынан 13 миңи Өзбекстандын жараны экени белгилүү болгон.