Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министри Алтынбек Максүтов фейк армия тууралуу маалыматы жоктугун 4-мартта парламент комитетинин жыйынында билдирди. Депутат Элвира Сурабалдиева министрден 50 миң адамы бар фейк армия жөнүндө кабары бар-жоктугун сурады.
"Бизде бийликтин 50 миң фейк-армиясы бар деген маалыматты мурда мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен адам айтып жатат. Ушуну тактап коюңузчу, чындыкка дал келеби?" - деп сурады депутат.
Министр ага жооп берип, фейк армия жоктугун айтты:
"Өкмөт тарабынан фейк армия куроо тууралуу бир да тапшырма берилген эмес. Маалымат жагын биз тейлейбиз - бизде бир да фейк армия жок. Кыргызстанда фейк армия бардыгы тууралуу маалыматтан таптакыр кабарым жок", - деди Алтынбек Максүтов.
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 4-мартта “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун карады. Сегиз депутат сунуштаган мыйзам долбоору 1-окуудан "өзгөчө пикир" менен өттү. Комитет төрагасы мыйзам демилгечилерине мыйзам долбоорун 2-окууда кароо үчүн "өзгөчө пикирди" эске алып, өзгөртүп, оңдоп келүүнү тапшырды.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, бардык медиалар кайра каттоодон өтүшү керек жана аны Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттаттуу үчүн үч документ талап кылынат: арыз, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек.
Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.
Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (ZKo)