Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Ингушетиядагы атышууда алты адам өлгөнү кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын курамындагы Ингушетия республикасынын Карабулак шаарында ишемби күнү куралчан адамдардын тобу полиция менен атыша кетип, анын жыйынтыгында алты адам өлдү. Орусиянын Террорчулукка каршы улуттук комитети "согушкерлердин тобу террорчулукка багытталган аракеттерди пландаган" деп билдирди.

"Кавказ.Реалии" басылмасы жазгандай, Карабулакта контртеррористтик операция режими киргизилгени 2-марттын кечинде белгилүү болгон. Коопсуздук күчтөрү көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатына жашырынган куралчан адамдар менен атышкан. Маалыматка ылайык, атышуунун добушу жекшембинин таңын утурлай токтогон.

Орус бийлигинин өкүлдөрү өлгөн адамдардын "Ислам мамлекети" террордук уюмуна байланышы болгонун билдирип жатат. Көз карандысыз Baza басылмасы беш куралчан адам жок кылынганын, алтынчы киши окуяга кокустан аралашып калган жайкын тургун экенин жазды. Бирок республиканын Саламаттыкты сактоо министрлиги жөн-жай тургун каза тапканы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Ингушетиянын аймагында күч түзүмдөрү куралчан адамдар менен атышкан окуялар былтыр март жана апрель айларында да катталган болчу.

XS
SM
MD
LG