Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


Ош шаары кыш мезгилинде. Иллюстрация
Ош шаары кыш мезгилинде. Иллюстрация

4-мартта түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Ош облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.

Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүн биринчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9 суук, күндүз -2…+3;

Суусамыр өрөөнүндө суук түн ичинде -20 градуска жетет, күндүз -6…-11;

Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1 градус;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түн ичинде -1…-6 градус суук, күндүз +2…+7 жылуу;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында сутканын караңгы маалында -5…-10 суук, күндуз температура -3…+2.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында кар жаайт, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы шаардын өзүндө -5…-7 градус суук, күндүз +2 градуска чейин жылыйт.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6 суук.

Тоолордо сууктун күчү түн ичинде -19…-24, күндүз -9…-14 градуска жетет.

Борбор шаар Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -5…-7° суук, күндүз + 2 градуска чейин жылышы ыктымал.

2024-жылдын 3-мартына карата Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунун 55-115-чакырымында, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусунда, 353-357-чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда, Казарман-Ак-Тал-Чат автоунаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарындагы Кара-Гөө, Ийри-Суу тилкелеринде, Каракол-Эңилчек жолунун 45-90 чакырымындагы Чоң-Ашууда кар көчкү түшүп, күрткү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы кыймыл 500 метрден кем болбошу керек.

XS
SM
MD
LG