Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Мурас-Ордо конушунда беш бала тоңгон көлмөгө түшүп кетти


Сүрөт интернеттен алынды. 2-март, 2024
Сүрөт интернеттен алынды. 2-март, 2024

Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда беш бала тоңуп калган көлмөдө ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, үч баланы жергиликтүү тургундар суудан өз алдынча куткарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы жакшы экенин билдирди.

Куткаруучулар суудан 9-11 жаштагы эки баланын сөөгүн алып чыгышты. ӨКМ сууга түшүп кеткен балдардын жашы тууралуу маалымат берген жок.

Балдарды суудан куткаруу иштери тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Анда жергиликтүү тургундар мындай каргашалуу окуя биринчи жолу болуп жатпаганын, буга чейин дагы көлмөнү тосуп берүү өтүнүчү менен тийиштүү мекемелерге кайрылышканын айтышкан.

Ушул жылдын 26-январында Сокулук айылынын Октябрь көчөсүндөгү көлмөнүн үстүндө тоңгон музда 2015-жылы туулган үч бала ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Алардын сөөгүн ИИМдин жана ӨКМдин кызматкерлери таап чыккан. Ага чейин, 8-январда Балыкчы шаарындагы Озерная кѳчѳсүндөгү кѳлмѳдѳ муз тээп жатып сууга түшүп кеткен эки баланы ӨКМ кызматкерлери куткарууга үлгүргөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG