Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Таласта лицей кызматкерлери мыйзамсыз акча которууга шек саналууда


Таластагы лицей.
Таластагы лицей.

Таластагы лицейдин кызматкерлери айлыктан сырткары өздөрүнө мыйзамсыз акча которгону аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө лицейдин жооптуу адамдары 2019-2022-жылдары белгиленген айлык акыдан сырткары 1 млн 662 миң 337 сомду айлыкты эсептөө журналына киргизбей, банктык карталарга которуп алганы аныкталган.

Факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн облустук милицияга өткөрүлгөн.

Буга чейин каза болгон адамдарды тизмеге киргизип, айлык акы жаздырып алган учурлар да катталган. (MKt)

XS
SM
MD
LG