Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:00

Орусия Кытай менен 5G боюнча кызматташтыгын кеңейтип жатканы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Кытай менен 5G байланыш жана спутник технологиялары тармагындагы кызматташтыгын кеңейтип жатканын бүгүн 1-мартта Британиянын коопсуздук боюнча The Royal United Services Institute (RUSI) аналитикалык борбору билдирди.

Борбордун пикиринде, мындай кызматташтык Орусиянын Украинага каршы аскердик агрессиясына көмөк болот.

5G түйүнүндөгү интеграция «орус армиясынын Украинадагы аскердик аракеттерин жеңилдетери» белгиленди.

Москва менен тыгыз байланыштагы Кытай бийлиги Орусиянын Украинага кол салуусун айыптоодон баш тарткан. Анын Москвага сунуш кылган экономикалык жардамы орус бийлигине Батыштын санкцияларынын басымында калбоого жардам берүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG