Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Орусияда өзбек биримдигинин жетекчиси "террорчулардын" тизмесине киргизилди


Усман Баратов
Усман Баратов

Орусиянын Юстиция министрлиги өзбекстандыктардын "Ватандош" биримдигинин жетекчиси Усман Баратовду экстремисттер жана террористтердин тизмесине киргизди.

Бул тууралуу “Новая газета Европа” басылмасы жазды. Бирок Баратовдун экстремизмге же терроризмге байланышы ачыкталган эмес.

Усман Баратов 19-январдан бери Москвадагы тергөө абагында жатат. Ал социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн "жек көрүүнү же кастыкты козуткан" деп айыпталууда.

Былтыр декабрда Баратов тоок жумурткасынын кескин кымбаттаганына байланыштуу билдирүү жарыялаган. Ал өз постунда тооктордун сүрөтүн коюп, "Силерге жумуртка эмес балакет да жок! Фронттон короздорду кайра алып келгиле" деп жазган.

Анын бул постуна алгачкылардан болуп кремлчил блогерлер көңүл буруп, ал орус бийлиги "атайын аскердик операция" деп атаган Украинадагы согуштун катышуучуларын "кемсинтип" жатканын билдиришкен. Алар Баратовдун бул билдирүүсүнө байланыштуу Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге жамааттык кат жазып, ага каршы кылмыш ишин козгоону талап кылган.

Көп өтпөй Баратов кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, "Ватандоштун" жетекчиси "Орусия жарандарынын тобун, анын ичинде "атайын аскердик операциянын" катышуучуларын кемсинткен".

Баратов өзү кылмыш иши боюнча комментарий берип, "тооктордун сатиралык сүрөтүнүн согуштун катышуучуларына эч кандай тиешеси жок экенин" билдирген.

XS
SM
MD
LG