Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:43

Орусияда фашизмди айыптаган укук коргоочу соттолду


Олег Орлов.
Олег Орлов.

Орусияда укук коргоочу, «Мемориал» укук коргоо борборунун теңтөрагасы Олег Орлов «армияны кайрадан дискредитация кылды» деген айып менен 2,5 жылга эркинен ажыратылды. Москванын Головин райондук сотунун өкүмү бүгүн 27-февралда жарыяланганын "Медиазона" басылмасы сот залынан маалымдады.

Укук коргоочуга каршы кылмыш ишинин козголушуна анын "Алар фашизмди каалашкан. Ошону алышты" деген макаласы негиз болгон.

70 жаштагы Орловдун колуна сот залынан кишен салып, камакка алып кетишти.

Ал "Өкүм менин макалам канчалык так жана туура болгонун көрсөттү", – деп айтты.

Буга чейин дагы бир орусиялык Алексей Москалёв кызы согушка каршы сүрөт тартканы үчүн соттолгон.

Орусиянын армиясынын беделине шек келтирүү, дискредитациялоо тууралуу беренелер бул өлкөнүн Административдик жана Кылмыш кодекстеринде Украинага согуш ачылгандан кийин пайда болгон. Соттор орус бийлигинин расмий көз карашына дал келбеген, согушка каршы айтылган сөздөрдү, пикирлерди, билдирүүлөрдү дискредитациялоо деп баалоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG