Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:28

Милициядан кыйноо көргөн адамга сот моралдык, материалдык чыгым өндүрүп берүүнү өкүм кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жалал-Абад шаарынын тургуну, кыйноого кабылганын БУУнун Адам укуктары Комитети тааныган Белек Курманбековдун укугу бузулгандыгы үчүн келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу тууралуу доо арызын жарым-жартылай канааттандырды.

Соттун 22-февралдагы чечими менен Кыргызстандын Каржы министрлигин Белек Курманбековго жана анын апасына 30 миң сомдон 60 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Жабырлануучунун адвокаты Уткир Жабборов "Азаттыкка" билдиргендей, акыркы сот жараянына Каржы министрлигинен өкүлдөр катышкан эмес:

"Каржы министрлигинин өкүлдөрү 16-январда өткөн биринчи процесске катышкан. Кийинкисинде, 22-февралда катышкан жок. Ошондуктан прокуратура кызматкерлери Каржы министрлигинин өкүлү жоктугуна негиздеп, отурумду жылдырууну сунушташты. Биз сотко жабырлануучу менен апасы Жалал-Абадда жашаарын, алар улам эле борбор калаага каттоого чамасы чак экенин айтып, сотко түшүндүрдүк. Сот арызыбызды жарым-жартылай канааттандырып, Каржы министрлигинен моралдык жана материалдык чыгым үчүн Белек Курманбековго 30 миң, апасына 30 миң сом өндүрүп берүүнү өкүм кылды".

Адвокаттын айтуусунда, адатта моралдык чыгым Жогорку Сотто оң чечилгенден кийин төлөнүп берилет. Жабырлануучулар соттон моралдык жана материалдык чыгым катары 2 млн сом өндүрүп берүүнү сурашкан.

2012-жылы ырчы Белек Курманбековду милиция кызматкерлери киши өлтүрүүгө шек санап үйүнөн кармашкан. Милиция кызматкерлери аны кармаган учурда жана кийин сурак мезгилинде катуу кыйнашканын, апасын менен келинчегин да коркутушканын укук коргоочулар билдиришкен. Бирок прокуратура да, сот да анын кыйноого кабылганын ырастаган эмес. Натыйжада укук коргоочу юристтер БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылышкан.

Былтыр жазында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети анын кыйноого кабылганын тааныган. Эл аралык уюм Курманбековду актоону, кыйноого кабылганы жана күнөөсүз камалып, алты жыл түрмөдө отурганы үчүн кенемте төлөп берүүнү кыргыз бийлигине сунуштаган. 5-декабрда бул ишти караган Жогорку сот БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушуна карабай, Белек Курманбековдун ишин жандантуудан баш тарткан. Сот чечиминде буга БУУнун сунушу негиз болуп бере албай турганы тууралуу жазылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG