Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Бишкектин жака-белиндеги 47 жаңы конуштун 31и газдаштырылды


Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги газ түтүктөрү.
Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги газ түтүктөрү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Бишкектин жака-белиндеги 47 жаңы конуштун 31и газдаштырылганын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 27-февралдагы жыйынында айтты. Комитет Министрлер кабинети сунуштаган “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документти талкуулап, биринчи окууда колдоду.

Асел Раимкулова борбордо ышты азайтуу үчүн жаңы конуштарды газдаштыруудан тышкары от казандар газга өткөрүлүп жана газ менен жүргөн автобустар каттамга киргизилип жатканын кошумчалады.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын маалыматында Бишкек бир канча жылдан бери абасы кир шаарлардын катарында. Суук түшкөнү шаарда ыш көйгөйү орчундуу маселеге айланат. Ыштын негизги себеби катары жаңы конуштарда жагылган көмүр, Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жана автоунаалардан чыккан түтүн экени айтылып келет.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 долларга сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага “Ошгаз” ишканасы да өткөн.

Ортодо түзүлгөн келишим боюнча компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд рубл жумшоону убада кылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG