Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Кыргызстан менен Монголия парламенттеринин төрагалары меморандумга кол коюшту


Жогорку Кеңеш спикери Нурланбек Шакиев (оңдо) жана Улуу Мамлекеттик Хурал төрагасы Гомбожавын Занданшатар. Бишкек. 27-февраль, 2024-жыл.
Жогорку Кеңеш спикери Нурланбек Шакиев (оңдо) жана Улуу Мамлекеттик Хурал төрагасы Гомбожавын Занданшатар. Бишкек. 27-февраль, 2024-жыл.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин спикери Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар 27-февралда Парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Меморандумга ылайык, Жогорку Кеңеш менен Улуу Мамлекеттик Хуралдын ортосунда кызматташуу боюнча комиссия түзүлөт, комиссия ар тараптуу алакаларды арттырууга багытталган ченемдер менен иштейт.

Анын ичинде тармактык комитеттердин, депутаттык топтордун ортосунда тыгыз кызматташтыкты калыптандыруу жана байланыштарды чыңдоо тууралуу макулдашуу бар.

Нурланбек Шакиев менен Гомбожавын Занданшатар мындан тышкары эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулашты.

Монгол парламентинин башчысы ушул жылы өтө турган «Транс-Алтай туруктуулук диалогу» аталышындагы форумга төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясын чакырды.

Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар Кыргызстанга 26-февралда иш сапар менен келген.

27-февралда Гомбожавын Занданшатар баштаган монгол парламентинин делегациясы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине зыярат кылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG