Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:49

Экс-депутат Өмүрбек Бакировдун иши боюнча чечим чыкканы белгилүү болду


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Ноокат райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакировду “2021-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алган” деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, айып пул салганы белгилүү болду. Саясатчынын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева “Азаттыкка” чечим 2023-жылдын декабрь айында эле чыкканын, райондук соттун чечимине каршы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берилгенин айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) былтыр 26-августта Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

Жогорку сот 18-августта ал шайланып келген Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Өмүрбек Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Өмүрбек Бакиров буга чейин “Азаттыкка” комментарий берип, муну Кемпир-Абад маселесинде парламентте каршы добуш бергени менен байланыштырган. 2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев келип мандат алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG