Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:07

Орус аскерлери украин туткундарынын өлүмүнө шектелүүдө


Орусиялык аскердин куралы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиялык аскердин куралы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жекшембиде бир катар телеграм-каналдарда орус аскерлери колго түшүп берген украин жоокерлерин өлтүргөнү тартылган тасмалар тарады. Дрондон тартылып алынган кадрларда аскерлердин бир тобу куралсыз жоокерлерди бир нече метр аралыктан туруп атып жатканы тартылган.

Украин Жогорку Радасынын адам укуктары боюнча өкүлү Дмитрий Лубинец бул окуя 24-февраль күнү Бахмутта болгонун билдирди. Анын сөзүнө караганда, анда кеминде жети украин аскери өлтүрүлгөн.

Украиналык Deep State долбоору окуя Бахмутка жакын жайгашкан Ивановка айылында болгонун, атылгандар - 92-чабуул бригадасынын жоокерлери экенин, алардын саны жети эмес, тогуз экенин тактаганын жазды. Долбоор бул бир ай ичинде туткундар өлтүрүлгөн үчүнчү окуя экенин белгиледи.

Украинада орусиялык аскерлер тарабынан туткундар өлтүрүлгөн 50дөн ашуун кылмыштуу окуя иликтенүүдө. Орусиянын Коргоо министрлиги бул айыптоолорду четке кагып келет.

Былтыр мартта Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) адам укуктары комиссарлыгы аскерлер өлтүрүлгөн 40тай учурду каттаган. Анын 25 учурунда орусиялык аскерлер өлтүрүлсө, 15инде украин жоокерлери атылган.

Согуш туткундарын өлтүрүүгө эки өлкөдө тең мыйзам менен тыюу салынган жана эл аралык укукта аскердик кылмыш деп эсептелет.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-февралдагы маалымат жыйынында айтканына караганда, 2022-жылдын 24-февралында башталган согушта 31 миңден ашуун украин аскери өлгөн. Зеленский орус күчтөрү басып киргенден бери Украинада он миңдеген жайкын тургундун өмүрү кыйылганын белгилеп, Орусия 180 миң аскеринен ажыраганын, 500 миңдей орус жоокери жарадар болгонун кошумчалады.

Орусия өзүнүн аскердик жоготууларын ачык жарыялабай келет. Би-Би-Синин орус кызматынын жана "Медуза" басылмасынын журналисттери Орусия үчүн согушкан 45 миңден ашуун адам согушта набыт болгонун тактаган.

XS
SM
MD
LG