Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Министр Текебаев жүк ташууда мыйзам бузгандарга жаза катаалдаганын эскертти


Кыргызстандагы кан жолдордо жалпысынан салмак-көлөмдү көзөмөлдөгөн 20дан ашык бекет бар.
Кыргызстандагы кан жолдордо жалпысынан салмак-көлөмдү көзөмөлдөгөн 20дан ашык бекет бар.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 23-февралда салмак-көлөмдү көзөмөлдөгөн бекеттерди күтүүсүз текшерди. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, оор жүк ташууда эреже-мыйзамдарды бузгандарга мындан ары жаза катаалдаганын, айып пулдун өлчөмү көбөйгөнүн эскертти.

"Азыркы учурда көзөмөлдү күчөткөн жаңы мыйзам күчүнө кирди. Биздин өлкөнүн аймагына уруксатсыз киргени үчүн салынган айып аз болгондуктан чет өлкөлүк ташуучулар эреже-талапты сактабайт. Ушундан улам мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан ары уруксат кагазынын ээси жүк ташууну башкага берип койгон учурда жеке жактарга 10 миң, юридикалык жаткарга 30 миң сом айып пул салынат. Чет өлкөлүк машиналар Кыргызстандын аймагында уруксат кагазга мөөр бастырбастан жүк ташыса жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салынат. Ашыкча жүк жүктөп, жолго зыян келтиргени үчүн жеке жактарга салынган айып пулдун өлчөмү 17,5 миң сомдон 20 миң сомго чейин жогорулады. Юридикалык жактарга 55 миң сомдон 65 миң сомго чейин болду",-деп жазды Текебаев.

Кыргызстандагы кан жолдордо жалпысынан салмак-көлөмдү көзөмөлдөгөн 20дан ашык бекет бар.

Былтыркы жылдан тартып өлкөдө оор жүк ташуучу машиналарды көзөмөлдөө иши башынан аягына чейин автоматташтырылып, адамдык факторду толугу менен жоюу пландалып жатканы айтылган. Мындай бекеттердин кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалган учурлар болгон.

Кыргызстанда Кытайдан оор жүк ташыган машиналар жолдорду бузуп жатканы, буга алар ашыкча жүк жүктөп, ченемдерди сактабай иштеп жүрүшкөнү, көзөмөлдөөчү кызматкерлер көз жууп, жемкорлук орногону айтылып келет.

Аталган министрлик Кыргызстанда былтыр июндан сентябрга чейин жүк ташыган машиналарга күн ысыкта жолго чыгуусуна чектөө киргизген.

XS
SM
MD
LG