Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Навальныйдын энесине уулунун сөөгүн көрсөтүштү


Алексей Навальныйды эскерүү иш-чарасында коюлган сүрөт.
Алексей Навальныйды эскерүү иш-чарасында коюлган сүрөт.

Орусияда түрмөдө каза болгон оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын сөөгүн апасына көрсөтүштү.

Бул тууралуу Людмила Навальная 22-февралдагы видеокайрылуусунда билдирди. Ал Салехард шаарындагы мейитканадан уулунун сөөгүн көрсөтүшүп, бирок берүүдөн баш тартышканын айтты.

Эненин айтымында, тергөөчүлөр Навальныйдын сөөгүн эч кандай жөрөлгөсүз жерге берерин айтышкан.

“Алар мени көрүстөндөгү мүрзөгө алып барып, “мына бул жерде сиздин уулунуз жатат” деп айткылары келип турат. Мен буга макул эмесмин. Мен Алексейдин өлүмү жеке трагедиясына айлангандардын, аны кадырлагандардын уулум менен коштошууга мүмкүнчүлүгү болушун каалайм”, - деди Людмила Навальная.

Маркум саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыштын айтымында, Навальныйдын өлүмү тууралуу расмий кагазда ал табигый себептерге байланыштуу көз жумганы жазылган.

Буга чейин Тергөө комитети Навальныйдын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн анын сөөгү экспертизага жөнөтүлгөнүн, жыйынтыгы эки аптадан кийин чыгарын билдирген.

Саясатчынын жесири Юлия Навальная күйөсүнүн өлүмүн орус президенти Владимир Путинден көрүүдө. Бир катар Батыш лидерлери дагы Навальныйдын өлүмү үчүн Путин жоопкер экенин белгилешти.

47 жаштагы Алексей Навальный 16-февралда Ямало-Ненец автоном аймагындагы түрмөдө каза болгону кабарланган. 20-февралда Людмила Навальная Путинге жасаган видеокайрылуусунда уулунун сөөгүн кайтарып берүүнү талап кылган. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков сөөктү өткөрү берүү маселеси расмий Москванын “иши эмес экенин” айткан.

“Медуза” басылмасы жазгандай, мыйзамга ылайык, Навальныйдын өлүмүнүн себеби аныкталгандан кийин анын сөөгү эки сутканын ичинде жакындарына өткөрүлүп берилиши керек.

XS
SM
MD
LG