Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:01

Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын кызматкерлери кармалды


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кармалган кызматкери. УКМК тараткан сүрөт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кармалган кызматкери. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын эки кызматкери (К.К.А., Н.А.О.) коррупциялык схема түзгөн деген шек менен 19-февралда кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алар машиналарга газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын каттоодо адамдардан мыйзамсыз акча алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөнү аныкталган.

Бул ишке байланыштуу автомектептин директору (И.М.К.) да кармалган.

Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары УКМК Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду жана техникалык бөлүмдүн башчысын кармаганын жазышкан. Атайын кызмат тараткан инициалдардын бири Канатбек Кубатбековдун аты-жөнүнө туура келет.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG