Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:01

Кыйноолорго каршы борбор Аравандагы интернаттын абалына терс баа берди


Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору тараткан сүрөт.
Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору тараткан сүрөт.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору Аравандагы Тургунов атындагы мектеп интернатты текшерип, абалын канааттандырарлык эмес деп баалады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук борбор балдар интернаттарына тиешелүү талаптар сакталбай, одоно бузулгандыгы аныкталганын билдирди.

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча идиш-аяктардын эскилиги жетип, айрым тамак-аштын мөөнөтү өтүп кеткендиги белгилүү болгон. Жашоо шарты начар, даараткана, бөлмө, дары-дармектер боюнча дагы талаптар бузулган.

“Мекемеде кармоо шарттары балдардын укуктарын одоно бузуп жатат. Алдын ала баруунун жыйынтыгы менен акт түзүлүп, мектеп-интернаттын жетекчилигине өткөрүлүп берилди. Жетекчиликтин айтымында, бир жуманын ичинде бардык мыйзам бузуулар оңдолот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча Билим берүү министрлиги же аталган мектеп интернатын жетекчилигинен маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG