Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:37

Прокуратура Ош мэриясында жемкорлук аныкталганын билдирди


Башкы прокуратура Ош мэриясында жер сатууга байланыштуу жемкорлук аныкталганын, андан мамлекет беш миллион сом материалдык зыян тартканын билдирди.

20-февралда таратылган маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы мэрияда жерге байланыштуу ченемдик укуктук актылардын аткарылышын текшерген.

Мэрия менен Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызмат адамдары коррупциялык жол менен жер сатканы ачыкка чыкканы айтылат маалыматта. Прокуратура Бекмуратов көчөсүндөгү 400 чарчы метр жер тилкеси ортомчулар аркылуу жең ичинен бөлүштүрүлүп, андан ары сатылган деп эсептейт.

Фактыга байланыштуу Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен иш козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлдү.

Мэрия буга азырынча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG