Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:33

ЖК жергиликтүү кеңештердин укугун азайткан долбоорду четке какты


Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеш 21-февралдагы жыйынында Министрлер кабинети сунуштаган “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун четке какты.

Документке 71 депутат “каршы”, үч депутат “макул” деп добуш берди.

Парламенттин жыйынында бир катар депутаттар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын азайта турган мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин айтып, сынга алышты.

“Жергиликтүү кеңештердин канатын кыркып, колу-бутун сындырып мунжу кылып атабыз. Эгерде мындай мыйзам кабыл ала турган болсок мэрияны болуштук деп эле коёлу. Мэрлер жалгыз өзү хан, жарым паша болуп коррупциянын башаты ушул болот”, - деди депутат Нуржигит Кадырбеков.

Бул документти өткөн жумада Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитети биринчи окуда колдогон.

Долбоорго ылайык, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерине шаардын бюджетин шаардык кеңештин депутаттарынын талкуусу жок, өзү бекитүү, мамлекеттик органдардын шаардагы башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоо жана кызматтан алуу, тарифтерди өз алдынча бекитүү укуктарын берүү сунушталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG