Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Орусия “Эркин Европа/Азаттык” радиосун жагымсыз деген уюмдардын тизмесине киргизди


Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосун ишмердиги өлкөдө жагымсыз деген чет элдик жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын тизмесине кошту. Бул тууралуу 20-февралда мекеменин сайтындагы материалдан белгилүү болду.

Буга чейин ал тизмеге 141 уюм камтылган.

ТАССтын маалыматына ылайык, буга чейин Орусиянын Башкы прокуратурасы корпорациянын ишмердигин бүт өлкө боюнча жагымсыз деп табуу чечимин чыгарган. Прокуратура андай чечимди быйыл 2-февралда чыгарыптыр.

“Свобода” радиосу жазгандай, реестрге орус бийлиги ишмердиги конституциялык түзүлүшкө, коопсуздукка жана коргонуу дараметине коркунуч жаратат деп эсептеген уюмдар киргизилет. Андай уюмдарга Орусияда иштөөгө тыюу салынат, орус жарандарына алар менен кызматташууга болбойт. Андай болбосо кылмыш жообуна тартылат.

Орус Юстиция министрлигинин “чет элдик агенттер” тизмесине “Свобода” радиосу жана бир нече орус тилдүү долбоорлор, айрым журналисттер киргизилген.

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет жактан каржыланган жана саясий ишмердик менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарды "чет өлкөлүк агент" деп тааный алат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Чыгыш, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук жана Түштүк Азиядагы 23 өлкөдө 27 тилде ар кыл платформаларда маалымат таратат.

XS
SM
MD
LG