Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:44

Украинага качкан орусиялык пилотту Испанияда өлтүрүп кетишкени бышыкталды


Максим Кузминов
Максим Кузминов

Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов “Азаттыктын” украин кызматы менен маекте орусиялык учкуч Максим Кузминовдун өлүмүн бышыктады. Бирок окуянын чоо-жайы айтылган жок.

28 жаштагы пилот былтыр августта өзү башкарган тик учагы менен кошо Украинага качкан. Ал согушка каршы экенин айтып келген жана украин атайын кызматы менен байланышкан. Ошондон кийин ал Испанияга кеткен.

Жанында украин паспорту бар белгисиз кишинин сөөгү 13-февралда Аликанте чөлкөмүндө табылган. Аны атып өлтүрүп, өзүнүн машинасы менен тебелеп кетишкен. El País гезити тергөөдөгү булактарга таянып, кылмышкерлер ал жерден из жашырып кетишкенин жазды.

Испан бийлиги маркумдун тек жайын тастыктабаганы менен басылманын булактары ал Кузминов экенин бышыкташты. Маалыматка караганда, анын артынан көпкө аңдып жүрүшкөн. El País ал адамдарды адискөй кылмышкерлер деп атайт.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов Кузминовго Украинада калуу сунуш кылынганын, ал жакта жакшы корголмоктугун “Украинская правда” гезитине айтып берди.

Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин 20-февралда качкын пилоттун өлүмүн дээрлик бышыктап, аны “чыккынчы жана кылмышкер” деп атады.

Кузминов орус армиясынын капитаны болчу, Сызрандагы авиациялык окуу жайын аяктаган. Истребителдин тетиктерин ташып бараткан тик учакты Украина аймагына кондурганда жанында дагы эки офицер бар болчу. Алар качууга катышкан эмес жана өлтүрүлгөн.

“Свобода” радиосу жазгандай, "Россия 1" телеканалынын сюжетинде кабарчы Сергей Зенин Коргоо министрлигинин атайын даярдыктагы күчтөрүнө Кузминовдун көзүн тазалоо тапшырмасы берилгенин айткан. Офицерлердин бири учкучту таап “мамлекеттик чыккынчылык үчүн жоопко тартышарын” айтса, экинчиси Кузминов “сотко чейин аман калбасын” кошумчалаган.

Анын өлүмүнө орус атайын кызматы аралашканбы же жокпу азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG