Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:55

Кыргыз эл артисти Александра Марусич көз жумду


 Александра Марусич. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты тараткан сүрөт.
Александра Марусич. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты тараткан сүрөт.

Кыргыз эл артисти Александра Марусич оорудан улам 72 жашында көз жумду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги шейшембиде кабарлагандай, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 22-февралда Бишкекте - Чыңгыз Айматов атындагы орус драма театрында өтөт.

Александра Марусич 46 жылдан ашуун орус драма театрында эмгектенди. Анын репертуарында 50дөн көп ар түрдүү ролдор бар.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын алган.

"Азаттык" радиосунун жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат. (SE)

XS
SM
MD
LG