Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:33

Орунбеков “Ысык-Көл” аэропортуна эми тор тосмолор орнотуларын айтты


“Ысык-Көл” аэропортунун шамалдан кулаган дубалы. 2024-жыл.
“Ысык-Көл” аэропортунун шамалдан кулаган дубалы. 2024-жыл.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропортунун айланасына эми тор тосмолор орнотуларын билдирди. Бул тууралуу ал 20-февралда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Катуу шамалдан пескоблок дубалдар эмес, 40 тонналык контейнер ордунан жылып, арматуралар кыйшайып, жеке үйлөрдүн дубалдары дагы урап калганын жергиликтүү эл видеого тартып чыгарып жатат. Андыктан, окуяны бурмалап, андан терс пикир жарата бербейли. Ал жердин шамалына дубал туруштук бере албайт экен, андыктан башка тор тосмолор коюла турганын билдиребиз”, - деп жазды Орунбеков.

17-февралга оогон түнү болгон катуу шамалдан “Ысык-Көл” аэропортунун дубалынын бир бөлүгү кайра кулап калган.

2023-жылдын 18-мартында ушул эле аэропорттун дубалынын бир бөлүгү катуу шамалдан улам кулаган. Ошол кезде Дайырбек Орунбеков аэропорттун айланасын тосуу боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөнүн, 18-мартта катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек тилкедеги дубал урап калганын билдирген. Дубалды подрядчы фирма өз каражатына кайра калыбына келтирген.

Тамчыдагы аба майданы Кыргызстандагы эл аралык деген макам алган беш аэропорттун бири. “Манас” эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун курамына кирет. Ал Тамчы айылында жайгашкан жана расмий түрдө “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту деп аталат. Анын курулушу 1975-жылы башталып, 2003-жылы пайдаланууга берилген.

2015-жылы аба майданын реконструкциялоо иштери башталып, 2016-жылы аяктаган. Ошондон бери күнү-түнү учактарды кабыл ала алат деп айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG