Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:23

Сириядан дагы 28 аял жана 71 бала Кыргызстанга кайтарылды


Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. Бишкек, Кыргызстан. 30-август, 2023-жыл. (Сүрөт ТИМге таандык)
Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. Бишкек, Кыргызстан. 30-август, 2023-жыл. (Сүрөт ТИМге таандык)

20-февралда “Айкөл 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерден Кыргызстандын 99 жараны алынып келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алардын ичинен 28и аял жана 71и балдар.

Мекеме кыргызстандыктарды мекенине кайтарып келүү боюнча кезектеги гуманитардык миссия Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулганын билдирди.

Акыркы жолу Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерден 2023-жылдын 8-декабрында Кыргызстандын 95 жараны алынып келген.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Андан бери бул аймактарда канча кыргызстандык жүргөнү тууралуу так маалымат жок.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG