Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Көчөгө ташталган үч ымыркайга туугандары жана фостердик үй-бүлө камкорчу болду


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда ташталган ымыркайлардын апаларын энелик укуктан ажыратуу каралууда. Азыркы тапта балдар жакын туугандарынын колунда жана фостердик үй-бүлөдө багылууда.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Азаттыкка” билдирди.

“Арча-Бешик конушунда кагаз кутучада табылган ымыркай таятасынын камкордугуна берилген. Биологиялык апасын энелик укуктан ажыратуу боюнча Ленин райондук сотуна арыз жазылган. Азыр кылмыш иши каралып жатат. №1 төрөт үйүнүн жанына ташталган ымыркай болсо, убактылуу таенесинин камкордугуна берилди. Наристеге туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып, биологиялык апасы үй камагында. Жалал-Абадда ташталган ымыркайдын апасы камакта, соттук териштирүү жүрүүдө. Шаардык прокуратура аны энелик укуктан ажыратуу боюнча арыз жазган. Ал эми ымыркайдын өзү фостердик үй-бүлөдө багылууда”, - деди Алыбаева.

Ал эми 2024-жылдын 1-февралында Чүйдүн Аламүдүн районунда ташталган ымыркайдын апасы камакка алынып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Мындай окуяларды болтурбоо үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Үй-бүлө кодексин иштеп чыгууну көздөп жатат. Документ үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталат. Анда ошондой эле ымыркайын таштаган ата-энелердин жоопкерчилиги каралат.

Өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда көчөгө ташталган үч ымыркай табылган. Бул окуядан кийин коомчулукта төрөп, бирок багууну каалабаган энелер үчүн наристесин калтыруучу атайын жайларды ачуу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан ага даяр эмес экенин айткан.

Расмий маалыматта 2023-жылы өлкө боюнча 14 ымыркай көчөгө ташталган. (KS)

XS
SM
MD
LG