Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Тазабек Икрамов жарактан чыккан электромобилдер маселесин көтөрдү


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура курулуш боюнча комитетинин отурумунда депутат Марлен Маматалиев жана бир канча депутат демилгечи болгон “Айрым мыйзам актыларына жашыл экология маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Анда электромобилдерди сатып алуу үчүн жарандарга бир катар жеңилдиктерди жана кызыктыруучу шарттарды түзүү, “жашыл номурларды” берүү сунушталган.

Талкуу учурунда депутат Тазабек Икрамов Кыргызстанда электромобилдер көбөйгөнүн, бирок алар жарактан чыккандан кийин утилизация кылуу жолдорун мамлекет колго алышы керектигин белгиледи.

“Эң бир көйгөйлүү маселе ушул жерде жатат. Айталы Кытайда мындай автоунааларды азайтууну көздөп жатат, маселен, анын бир топ зыяны бар экен. Радиация бар, аккумуляторун кандай жок кылабыз? Биз эң биринчи ушу маселени карашыбыз керек. Экологияны карайбыз, тазалайбыз деп жатып элдин ден соолугуна зыян келтирип албайлы”.

Демилгечи Марлен Маматалиев мындай автоунааларды утилизациялоо маселеси жаңы мыйзам долбоорунда каралганын, анда утилизациялоо жолдору, ага сарпталчу каражат жана буга жооптуу тараптар аныкталганын кошумчалады.

2023-жылдын август айында Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешине электромобилдерди ташып келүүдө тарифтик жеңилдетүүнү узартууну сунуштаган.

ЕЭКтин 2022-жылдын март айындагы чечимине ылайык, бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу менен Кыргызстанга электромобилдердин айрым түрлөрүнөн 2022-жылы 5 миң, ал эми 2023-жылы 10 миң даана алып келүүгө уруксат берилген.

2023-жылдын март айында аталган министрлик мындай жеңилдикти дагы эки жылга узартууну сунуштаган. Долбоордо квотаны 2024-жылы 15 миңге, ал эми 2025 жылы 25 миңге жеткирүү жазылган. ЕЭК бул боюнча азырынча чечим кабыл ала элек.(KS)

XS
SM
MD
LG