Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:04

11 журналисттин иши: Султаналиев бир да жолу сурак болбогонун билдирди


Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келе жаткан учур. 17-январь, 2022-жыл.
Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келе жаткан учур. 17-январь, 2022-жыл.

“Арча Медианын” (мурдагы Next TV медиасы) журналисти, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен шек саналып камакта жаткан Сайпидин Султаналиев камакка алынган бир айдан ашык убактан бери суракка алынбаганын билдирди. Бул тууралуу ал Бишкектин №1 тергөө абагынан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

“Өткөн бир ай аралыгында тергөөчүлөр мени бир да жолу чакырып, айыптоо иш боюнча суракка алган жок. Өз ишин мыкты билген кызматкерлер жасалган иште элди башаламандыкка чакыруу бар же жок экенин далилдеп коймок. Тилекке каршы ИИМде профессионал адистер жетишпейт окшойт. Алардын эң башкы максаты - бизди темир тор артына камап, башкаларга сес көрсөтүү менен гана чектелүүдө”, - деп жазылат катта.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул боюнча комментарий бере элек.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

Камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле“Темиров LIVE” медиасынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG