Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:05

Кыргызстанда былтыр электр чыгырыгы катышкан 81 кырсык катталды


Бишкектеги көчөлөрдүн биринде электр чыгырыгын (электросамокат) айдагандар үчүн коюлган белги.
Бишкектеги көчөлөрдүн биринде электр чыгырыгын (электросамокат) айдагандар үчүн коюлган белги.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 2023-жылы Кыргызстанда электр чыгырыгы (электросамокат) катышкан 81 кырсык катталып, андан 90 киши жаракат алганын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 20-февралдагы жыйынында айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда электр чыгырыгын айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Документте Бишкекте 30 миңдей электр чыгырыгы бар экени, жолдор жана тротуарлар электросамокаттарга ылайык жасалбагандыктан кырсыктар болуп жатканы жазылган.

Электр чыгырыгын айдагандар үчүн төмөнкүдөй эреже киргизүү сунушу берилди:

  • атайын бөлүнгөн тилкеде, ал жок болгон учурда машиналардын кыймылынын багыты боюнча жолдун оң чети менен жүрө алат;
  • караңгыда жолдон өтүүдө электросамокаттарды жарык чагылдыруучу элементтери бар бардык зарыл предметтер менен жабдууга милдеттендирилет;
  • электросамокаттарды ижарага бергендер жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө жана техникалык абалда сактоого милдеттүү болушат.

Соңку эки жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйүүдө. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонуна жүктөлгөн атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.

Шаардыктар көчөдө же паркта чыгырык айдагандар катуу ылдамдыкта жүргөндүктөн, жөө жүргүнчүлөрдү же бири-бирин сүзүп, кырсыкка кабылгандар көбөйгөнүнө арызданып келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG